Акыйкатчы: Сот органдары өспүрүм баланын баш коргоо чарасын өзгөртүшү керек

  • 2 года мурун

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жашы жете элек А.А.га карата эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган баш коргоо чарасына өзгөртүү боюнча чукул чараларды көрүү талабы менен ички иштер министрлигине кайрылды.

Акыйкатчынын талаптары Конституциянын 20, 27-беренесине, Пекин эрежелерине, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 460-беренесине негизделген.

Акыйкатчы институту белгилегендей, ички иштер органдары, прокуратура жана соттор жогоруда көрсөтүлгөн жаш баланын укугун коргоо боюнча улуттук кепилдиктерди бузуп, Бириккен Улуттар Уюмунун жашы жете электерге карата сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун минималдуу стандарттык эрежелерин (Пекин эрежелери) эске алышкан эмес.

Пекин эрежелерине ылайык, жашы жете электердин иштери боюнча сотко чейин камакка алуу эң акыркы чара катары жана эң кыска мөөнөткө гана колдонулат, бирок мүмкүн болсо, башка альтернативдүү чаралар менен алмаштырылат.

Акыйкатчы институту тарабынан бул окуя боюнча жүргүзүлгөн талдоо, ошондой эле жашы жете элек баланын апасынан алынган маалыматтарды эске алып, А.А. га карата баш коргоо чарасын тандоодо Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодекстин 460-беренесинин талаптары да эске алынган эместиги аныкталды.

Ага ылайык, баланы камакка алуу, ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу өзгөчө учурларда жүргүзүлөт. Ошол эле учурда балага карата ар бир учурда балага көз салып турууга өткөрүп берүү чарасы талкууланышы керек.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, М.А.нын мас абалында жасаган мыйзамсыз аракетине жашы жете элек А.А. энесин, ошол күнү үйдө болгон ини-карындаштарын коргоо максатындагы реакциясы болгонун билдирди.

Эске сала кетсек, 17-майда массалык маалымат каражаттарында А.А. аттуу өспүрүм бала, М.А аттуу жарандын мас абалында болгон мыйзамсыз аракеттеринен апасын коргоп, кылган иши үчүн ички иштер органдары тарабынан камакка алынганы тууралуу маалымат тараган.

Жашы жете элек балага кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, «Ден соолукка оор залал келтирүү» деген кине коюлуп, сот тарабынан жаза аткаруу кызматынын №14 мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Сүрөттө: Акыйкатчы Атыр Абдрахматова. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты