Акыйкатчы кызматына эки талапкер сунушталды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде акыйкатчы кызматына эки талапкер көрсөтүлдү.

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы, «Мекенчил» депутаттык тобу акыйкатчы кызматынан Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин сунуштады. Ал эми «Ыйман Нуру» фракциясы Кульира Кубатованын талапкерлигин көрсөттү.

Жыйынтыгында Жамиля Жаманбаева менен Кульира Кубатованын талапкерлигин кароо Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

Эске салсак, 3-майда Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын сунушу боюнча кызматтан бошотууну колдгон.  Акыйкатчыны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга 50 депутат макулдугун берип, 5 депутат каршы чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты