Акыйкатчы институту Мадумаров менен Кутманова абакта ооруп жатканын билдирди

  • 11 месяцев мурун

Акыйкатчы институту «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен экс-министр Динара Кутманова абакта ооруп жатканын билдирди. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда институттун кызматкерлери УКМКнын тергөө абагындагыларды кармоо шарты менен таанышышты. Адахан Мадумаров экинчи типтеги кант диабети менен ооруп жатканын билдирген. Ага электрокардиостимулятор коюшкан. Ал эми Динара Кутманова жүрөгүндө кемтик бар экенин айтып, тез арада жүрөк капкакчасын алмаштыруу зарылдыгын айтып, маселени кароону тездетүүнү суранды.

2-сентябрда Бишкек шаарында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров баласы менен сейилдеп жүргөн жеринен Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү тараткан.

Динара Кутманова 24-июлда УКМК тарабынан кармалып, ага жалпы суммасы бир миллиард сомго чукул болгон бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону” аныкталганын кабарлаган.

Эске салсак, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков «ПолитКлиника» медиасынын Тет-а-тет программасына конокко келгенде Мадумаровдун саламаттыгында маселе бар экенин айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты