Акыйкатчы Фарид Ниязовдун саламаттыгы боюнча президентке кайрылды

  • 2 года мурун

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова камактагы Фарид Ниязовдун саламаттыгы боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылды.

«Фарид Ниязовдун тарапташтары билдиргендей, анын Кардиология жана терапия улуттук борбору III даражадагы гипортония деген диагноз койгон. Бул өтө олуттуу оору болуп саналат. Акыйкатчы УКМКнын тергөө абагында үч адамдын өлүмү катталгандан кийин бардык мамлекеттик органдар адам укугун жана эркиндигин сактоо боюнча улуттук жана эле аралык мыйзамдарды так сакташы керек деп эсептейт», — деп жазылат маалыматта.

Фарид Ниязов 7-8-августтагы Кой-Таш окуялары боюнча айыпталып кармалган.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери каза таап, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы баш-аламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, аны ичинде Алмазбек Атамбаевди, Канат Сагымбаевди, Фарид Ниязовду бошоткон.

9-октябрда массалык баш-аламандыкты уюштургандыгы үчүн мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов кармалган. Кийин Темирлан Султанбеков, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов үй камагына чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты