Акыйкатчы Ала-Букадагы 5 жашар кыздын окуясы боюнча видео соцтармакка тарап кеткенин билдирди

  • 2 года мурун

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Ала-Букадагы сексуалдык ыдыкка кабылган беш жашар кыздын окуясына байланыштуу тергөөчүнүн колундагы видео социалдык тармактарга тарап кеткенин билдирди.

«Тилекке каршы, азыр ыкчам маалымат келди, бул окуя боюнча тергөөчүнүн гана колунда болгон видео соцтармактарга таркатылыптыр. Сураныч, бул видеону жаңылык кылбаңыздар, соцтармактарда таркатпаңыздар. Баланын укуктарын коргошубуз керек. Алдын ала маалымат боюнча бул видео тергөөчүнүн гана колунда болгон. Тергөөчүнү жоопко тартууга аракет кылабыз. Баланын кызыкчылыгын коргошубуз керек», — деди акыйкатчы Фейсбуктагы баракчасында.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 15-июлда Ала-Бука районунда 5 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип 40 жаштагы тургун кармалганын билдирген.

Маалыматка ылайык, 13-июлда Ала-Бука райондук милициясына беш жашар кызына сексуалдык ыдык көрсөтүлгөнүн айтып, 32 жаштагы жаран кайрылган. Ал бир күн мурун саат 16:00 чамасында азиат улутундагы 35-40 жаштардагы киши кызына дүкөндөн таттуу сатып берип, андан ары бакка ээрчитип барып сексуалдык ыдык көрсөткөнүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты