Ала-Букада 5 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектүү жаран кармалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 5 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен 40 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-июлда Ала-Бука райондук милициясына беш жашар кызына сексуалдык ыдык көрсөтүлгөнүн айтып, 32 жаштагы жаран кайрылган. Ал бир күн мурун саат 16:00 чамасында азиат улутундагы 35-40 жаштардагы киши кызына дүкөндөн таттуу сатып берип, андан ары бакка ээрчитип барып сексуалдык ыдык көрсөткөнүн билдирген.

Бул арыз райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 158-беренеси («Ыплас аракеттер») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. Окуя болгон жерде кароо жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам иш-чаралардан соң Ала-Бука районунун 40 жаштагы тургуну К. Н. кармалып, суракка алынган. Андан соң кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шек саналып, камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты