Аквапарктагы окуяга байланыштуу №95 мектептин завучу жана алты мугалим иштен алынды

  • 2 года мурун

Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучунун окуясына байланыштуу №95 мектептин завучу жана алты мугалим иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин мэрия бул иштин чоо-жайын аныктоо үчүн билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөнүн билдирген.

Комиссия баланын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралар аткарылбаганы үчүн мектеп директоруна дисциплинардык чара көрүү, керек болсо иштен алуу боюнча сунуштама бергени айтылат.

Мэриядан билдиришкендей, ал күнү класс жетекчилер башталгыч класстын окуучулары үчүн эс алуу күнүн уюштурушкан.

«Бирок мектептин администрациясы жана балдар инспекциясынын кызматкерлери андан кабардар болгон эмес. Онлайн окуутууга өтүү тууралуу буйрук дагы болгон эмес жана ата-энелер менен балдарга инструктаж өткөрүлгөн эмес», — деп айтылат маалыматта.

Аквапаркка башталгыч мектептен жалпы 232 окуучу, тогуз мугалим, ата-энелерден тогуз өкүл барган.

Буга чейин «Алат-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгону кабарланган. №95 мектеп-гимназиясынын администрациясы ата-энелер менен бирге окуучулар үчүн эс алуу уюштурганы айтылган. Октябрь райондук милициясы бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты