Активист Токтонасыров «Болот Темировго саясий башпаанек берилсин» деген талап менен акция уюштурду

  • 1 год мурун
Активист Токтонасыров «Болот Темировго саясий башпаанек берилсин» деген талап менен акция уюштурду

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров «Болот Темировго саясий башпаанек берилсин» деген талап менен акция уюштурду.

Акция БУУнун имаратынын алдында өттү. «Болот Темировго саясий башпаанек берилсин. Ал Орусияда калбашы керек. Темиров Орусияда калса өмүрү коркунучта болот», — дейт Өндүрүш Токтонасыров.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин карады. Сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Өкүм жарыялангандан кийин дароо Болот Темиров кармалып, коштоо менен сот залынан чыгарылды.

Болот Темировдун жактоочулары соттук коллегиядан Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүнү жана алардын кардарын кылмыштын курамы жок деп толук актап берүүнү өтүнүшкөн эле.

Прокурор соттук коллегиядан Темировду ага тагылган Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну өтүндү. Ошондой эле соттолуучуга карата өлкөдөн чыгаруу беренесин колдонуу, анткени айыптоочунун айтымында, ал Кыргызстандын жараны эмес.

Учурда Болот Темиров Москвада жакындарынын жанында.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты