Активист Өндүрүш Токтонасыровдун кармалганы айтылууда

  • 2 года мурун

Активист Өндүрүш Токтонасыров милиция кызматкерлери тарабынан кармалганы тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирди.

-Ал Киев көчөсүнө чыккан жана Путиндин келишине каршы акция өткөрмөк. Бирок ал плакатын дагы ачууга үлгүргөн жок. Аны милиция кызматкерлери кармап кетти, -деди Абдирасулова.

Өндүрүш Токтонасыров Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалгандыгы айтылды. Биринчи май ИИБ азырынча буга жооп бере элек.      

Активист Токтонасыров буга чейин да Орусиянын Украина согушундагы аракеттерине каршы акция уюштуруп келген.  17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акцияга чыгып, Украинадагы согушка каршылык билдиришкен.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити 9-декабрда Бишкекте өткөнү жатат. Орусиялык журналисттер саммитке орус президенти Владимир Путин баштаган делегация катышарын жазып жатышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты