АКШнын президенти Байден экинчи мөөнөткө ат салышпай турганын билдирди

  • 2 месяца мурун

АКШнын президенти Жо Байден президенттин экинчи мөөнөткө ат салышпай тургандыгын билдирди.

Бул тууралуу ал социалдык тармакта кабарлады.

“Мен үчүн силердин президентиңер болуп кызмат кылуу — улуу урмат. Мен экинчи мөөнөткө баруу ниетин билдирсем да, менин партиямдын жана өлкөмдүн кызыкчылыгы үчүн президенттикке ат салышуудан баш тартып, калган мөөнөтүмдөгү өз милдеттеримди аткарууга гана көңүл топтошум  керек” деп билдирди 81 жаштагы Байден америкалыктарга кайрылуусунда.   

Байден Демократиялык партиядан президентикке вице-президент Камала Харристин талапкерлигин сунуштады.  

Демократтар президенттик кызматка өз талапкерин августтагы курултайында бекитиши керек.

Дүйшөмбү күнү АКШнын Милуоки шаарында (Висконсин штаты) башталган курултайда Республикалык партиянын Улуттук конвенциясы Дональд Трампты президенттикке талапкер кылып көрсөттү.

АКШда президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрга белгиленген.

Сүрөттө: Жо Байден. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты