АКШда кулаган жүргүнчүлөр учагы боюнча жаңы маалыматтар
- 2 года мурун
Полиция кызматкерлеринин маалыматында, учурда учак кулаган аймактан кеминде 18 адамдын сөөгү табылды. Жабырлануучулардын жана өлгөндөрдүн саны жөнүндө башка маалыматтар айтыла элек. Бул тууралуу «Голос Америка» жазды.
NBC телеканалынын кабарчысы Жули Кэри Рейган аэропортундагы өрт өчүрүү бөлүмүнө кеминде төрт жабырлануучу жеткирилгенин айтты. Алардын абалы тууралуу маалымат азырынча айтыла элек.
American Airlinesтин маалыматында, CRJ700 учагынын бортунда 60 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү болгон. «Биз учактагы жүргүнчүлөр жана экипаждын мүчөлөрү үчүн тынчсызданып жатабыз. Биз бийлик менен байланышта болуп, өзгөчө кырдаалда жардам берип жатабыз»,- деп билдирди аталган компания.
«Кийинчерээк Пентагон кагылышуу Виржиния штатынын Форт-Бельвуар шаарындагы аэродромдон учуп чыккан UH-60 аскердик тик учак менен болгонун тастыктады»,- деп айтылды маалыматта.
«Биз жергиликтүү бийлик менен иштешип жатабыз. Жаңы маалыматтар болсо, алар мүмкүн болушунча эртерээк тааныштырабыз», — деди АКШнын Коргоо министрлиги.
The Washington Post менен NBC News аскердик тик учакта кеминде үч аскер адамы бар болгону тууралуу маалымат таратышты.
Эске салсак, АКШнын жарандык авиация федералдык башкармасы билдиргендей, 29-январда жергиликтүү убакыт боюнча, кечки саат 9га жакын PSA Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы конууга бара жатып, Sikorsky H-60 тик учагы менен кагылышып, кулап түшкөн.
Сүрөт: AP




