Академик Илгиз Айтматов дүйнөдөн кайтты  

  • 3 недели мурун

Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси, техника илимдеринин доктору, академик Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнөдөн кайтты.  

Бул тууралуу академиктин жакындары билдирди.

Илгиз Төрөкулович Айтматов 1931-жылы 8-февралда Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган. Техника илимдеринин доктору, профессор, академик.

Мектепте окуп жүрүп, согуш учурунда почточу да болуп иштеген. 15 жашында “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

1954-жылы Москва геологиялык чалгындоо институтун аяктаган. 1957-1960-жылдары СССР Илимдер академиясынын Тоо иштери академиясында аспирант болгон.   

Илгиз Айтматов — тоо кен геомеханикасы боюнча адис. 1990-1993-жылдары Улуттук илимдер академиясына президент болгон.

260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган. 2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Сүрөттө: Илгиз Айтматов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты