Айсулуу Тыныбекова КР күрөш федерациясынын вице-президенти болуп шайланды
- 3 дня мурун
Айсулуу Тыныбекова Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын аялдар күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланды.
Бул тууралуу күрөш федерациясы маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, кечээ, 21-октябрда, күрөш федерациясынын кезексиз конференциясы болуп, ага федерация мүчөлөрү, улуттук курама команданын машыктыруучулары, калыстар курамындагылар катышты. Кезексиз конференцияда Айсулуу Тыныбкова күрөш федерациясынын аялдар күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланды.
Айсулуу Тыныбекова федерацияга кирүү менен аялдар күрөшүн өнүктүрүүгө салым кошооорун жана бир аз убакыттан кийин спорттук ишмердүүлүгүн улантарын билдирди.
Буга чейин 2014-жылдан бери федерациянын аялдар күрөшү боюнча вице-президенти Динара Исаева болгон.
Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, алтынчы ирет Азия чемпиону болду, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.
Сүрөт: Күрөш федерациясы тарабынан берилди