Аймактык шайлоо комиссиясы «Адилет» партиясынын талапкеринин каттоосун жокко чыгарды
- 3 месяца мурун
Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы «Адилет» партиясынын талапкерин шайлоодон четтетти. Бул тууралуу Kaktus.media аталган комиссияга шилтеме берип, жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, шайлоодон четтетилген талапкер — Исмаилов Арафат Сайдахматович кандидаттардын тизмесинде экинчи орунда турат. Арафат Исмаиловдун каттоосу анын каттоосу «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарын бузгандыгына байланыштуу жокко чыгарылган.
«Аймактык шайлоо комиссиясы чечимдин көчүрмөсүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына жөнөткөн»,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 14-ноябрда Бишкек шаардык милициясы Бишкек шаардык кеңешке бараткан «Адилет» саясий партиясынын талапкери жарандардын добушун сатып алууга аракет кылганын билдирген. Анда И.Н. аттуу жаран «Адилет» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Арафат Исмаиловдун пайдасына добуштарын сатып алуу үчүн 113 шайлоочуга 55 500 сом суммасында акча каражатын бергендиги, ошондой эле 1000 сомдон 2000 сомго чейин 17 жаранга М-банк аркылуу акча каражатын которуу жолу менен бергендиги аныкталганы айтылган.
Мындан улам И.Н.ге Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) кылмыш иши козголгон.
Сүрөт: интернет булактары