Аида Салянова Садыр Жапаров өлкө кызыкчылыгын эски таарынычтан жогору койгонун билдирди

  • 2 недели мурун

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Садыр Жапаров эски таарынычты эстебей аны колдогонун билдирди.   

-Бир кезде, мен башкы прокурор болуп иштеп турганда, өлкөнүн азыркы президенти кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Жылдар өттү. Менин оюмда бүгүн кайсы бир кызматка барсам дагы, президент Садыр Нургожоевич буга каршы болот деп ойлогом. Таң калтырганы анын эски таарынычтарды эстебей, мени колдогону болду.Көптөр буга ишене алышпайт. Мен өзүм да көпкө чейин ишенген жокмун. Анткени мен өз позициямдан эч качан тайган эмесмин.

“Өлкөнүн кызыкчылыктарын эски чыр-чатактардан жогору коё алган адамдын аракети катары, мен бул кадамды өзгөчө чын жүрөктөн кабыл алдым. Бул чындап эле күчтүү шахматтык жүрүшкө окшош. Саясий маданияттын жана мамлекеттик ой жүгүртүүнүн жаңы деңгээлин орноткон жүрүш” деп билдирди Аида Салянова.

-Менин оюмча, бул, баарынан мурда, президенттин өлкөнү өзгөрткүсү келип жатканынын, жаңы күн тартибин, жаңы баалуулуктарды калыптандырууга — бири-бирибизди угуу жана өлкөнүн келечеги үчүн баарыбызды бириктирүүгө болгон каалоосунун белгиси. Мен бул ишенимди өлкө жана жаңы муун алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл алам,- деп жазды Аида Салянова Фейсбук социалдык тармагына.

Аида Салянова жакында өлкөнүн шахмат союзунун президенти болуп шайланды.

Сүрөт: Аида Салянованын ФБ баракчасынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты