Абиров кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берди

  • 12 месяцев мурун

Мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган депутат Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берди. Бул тууралуу маалымат 28-июлда БШКнын сайтына жарыяланды.

Абиров 24-июлда Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде суроолорго жооп берип жатып Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышууну ойлонуп жатканын айткан.

Буга чейин БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Абиров аталган округдагы кайра шайлоого катыша албасын билдирген. Бирок ал “Азаттыкка” комментарий берип жатып БШК коллегиялдуу орган экенин, эгер экс-депутат арыз берсе караларын айткан.

“Конституциялык мыйзамда “кайра шайлоонун дайындалышына себепчи болгон жаран кайра шайлоого катыша албайт” деген жобо бар. Экинчи – моралдык да жагы бар. 130 миңге жакын шайлоочу убара болгонун да караш керек”, — деген Бекматов.

Эске салсак, Жаныбек Абиров 2021-жылдын ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ушул жылдын 11-мартында Абиров Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жапырт мушташкандар арасында байкалган. ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети Башкы прокуратуранын Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча парламенттик комиссия түзүү чечимин кабыл алган.

БШК 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн.

Бирок Боршайком добуш берүүнүн жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86 % добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон. Кайра шайлоо 10-сентябрга белгилеген.

Учурда Абировду кошкондо кайра шайлоого катышуу үчүн 10 адам арыз берди. Талапкерлердин арызын алуу 10-августта аяктайт жана каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты