Абактагы саясатчы Равшан Жээнбековго жакындары менен жолугушууга уруксат берилди

  • 1 год мурун

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбековго жакындары менен жолугушууга уруксат берилди. Бул тууралуу Равшан Жээнбековдун жактоочусу Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Тилек Турдукулов буга чейин Жээнбековду туугандары менен жолугушууга уруксат бербей койгон тергөө тобунун жетекчиси Улан Жапековдун чечимин негизсиз деп тапты», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Равшан Жээнбеков боорун дарылатуу үчүн ооруканага жиберилген.

Өткөн жылы 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты