Аалы Карашевдин апасы Калия Карашева көз жумду

  • 2 года мурун

Мурунку премьер-министр, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аалы Карашевдин апасы Калия Карашева 76 жаш курагында көз жумду. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 14-сентябрда Ош шаарында өтөт.

Калия Карашева өмүрүн мугалимдикке арнап, 30 жыл бою агартуу тармагында эмгектенген. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин кыргыздын көөнөрбөс өнөрлөрүн аздек тутуп, кол өнөрчүлүк менен алектенип келген. 

Көп жылдык  изденүүнүн натыйжасында  Мургабдан  келген кыргыз апалардын жардамы менен атайын чеберчиликти талап  кылган терс кайрык ыкмасындагы  сайманы кайра жаратышкан. Калия Жумалиевна өзгөчө кеп такыя аталышындагы  баш кийимдин сайма  саюу ыкмасын пайдаланып,  заманбап кыз-келиндердин  көйнөктөрүнүн белине  тага турган  кур жасап, ал 2012-жылы ЮНЕСКОнун «Сапат»  белгисине ээ болгон. 

2014-жылы Фергана өрөөнүндөгү  аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн алдыга жылдыруу боюнча уюштурулган кароо-сынагына  катышып,  Нью-Йорк шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк «Байхент» көргөзмөсүнө катышууга мүмкүнчүлүк алган. Көргөзмө Кыргызстандын  Вашингтон шаарындагы  өкүлчүлүгүндө уланып,  ыраазычылык кат тапшырылган. 

2014-жылдын октябрь айында өткөн Кытайдын  Доньон жана Нантонг  шаарларында өткөн кол өнөрчүлүктүн 50 жылдык маарекесине  арналган эл аралык көргөзмөсүнө катышып келген. 

Калия Карашева 2 кыз, 3 уулга татыктуу тарбия берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты