«Чек арасыз кабарчылар» жана Deutsche Welle Akademie уюмдары 50 өлкөнү «Клоопту» колдоого чакырды

  • 8 месяцев мурун

«Чек арасыз кабарчылар» (RSF) жана Deutsche Welle Akademie (DWA) уюмдары «Клооп Медианы» жабуу аракетине каршы билдирүү жолдошту.

Билдирүүдө уюм дүйнөдөгү сөз эркиндигин коргоого алган 50 өлкөгө жана Медиа эркиндиги коалициясына (Media Freedom Coalition) кайрылып, Кыргызстандын прокуратурасынын иликтөөчү сайтты жабуу аракетине каршы турууга чакырды.

«Бул коррупциянын бетин ачкан иликтөөчү медиа жалпы дүйнөдөгү сөз эркиндигин коргоочулардын колдоосуна татыктуу. Клооптун куугунтукталышы — Кыргызстанда акыркы эки жылдан бери көз карандысыз маалымат каражаттарына жасалып жаткан репрессиянын эн белгиси. RSF Медиа эркиндиги коалициясынын чечкиндүү реакциясына үмүт артат. Клоопту кугунтуктоо жана сөз эркиндигин кысымга алуу токтошу керек«, — деп билдирди «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелье.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты