Министрлик Кыргызстандын жарандыгы сатылып жатканы жөнүндөгү жарнамалар боюнча комментарий берди

  • 1 год мурун

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын жарандыгын алып берүү боюнча орусиялык сайттарда жарыяланып жаткан жарнамаларга байланыштуу комментарий берди.

Министрлик мындай маалыматтарга алданбоого чакырып, Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу же чыгаруу иши менен министрликтин Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти алектенерин билдирди. Кыргызстандын жарандыгын берүү жол-жобосун түшүндүрдү.

Мыйзам боюнча, 18 жашка чыккан чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз берсе болот. Ал үчүн акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстанда туруктуу жашашы керек.

Ата-энесинин бири Кыргызстандын жараны болсо, Кыргыз ССРинде төрөлүп, мурдагы СССРдин жарандыгын алгандар Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алат.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Гуля Кожокулова Орусияда avito.ru аттуу жарнамалык сайтта Кыргызстандын паспорту сатылып жатканы боюнча маселе көтөргөн.

Орусиянын avito.ru жарнама сайтында Кыргызстандын жарандыгын 120 миң рублден 270 миң рублге чейин алып берүү боюнча бир нече жарнама жайгашкан. Кыргызстандын жарандыгын алууда Орусиянын жарандыгынан чыгуу талап кылынбай турганы, чет жактан банк эсебин ачууга, АКШга жана Европа өлкөлөрүнө виза алууга болору жазылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты