8-мартка карата кыргызстандык аялдар акысыз маммографиядан өтө алышат

  • 2 года мурун

7-11-март күндөрү кыргызстандык аялдар Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк «Достук» ооруканасында акысыз маммографиядан өтө алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Бул иш-чара онкологиялык ооруларды алдын алуу жана Кыргызстандын аялдарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында уюштурулду. Бир жума аралыгында түрк жана кыргыз дарыгерлери биргеликте скрининг жана консультация жүргүзүшөт. Бул акыркы акция эмес, мындай иш-чаралар жыл бою жүргүзүлмөкчү”, — деп билдирген министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн 0997 650 000; 0312 650 000 номерлерине чалып, алдын ала жазылуу зарыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты