Манасчы Дөөлөт Сыдыковго жана ишкер Эмил Жайчиевге кылмыш иши козголгону айтылууда

  • 1 год мурун

Манасчы Дөөлөт Сыдыковго жана Москвадагы ишкер Эмил Жайчиевге Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен кылмыш иши козголгону кабарланды. Бул тууралуу активист Илгиз Шаменова Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, Сыдыков менен Жайчиевге алар Москвадан Орозайым Нарматова, Тилекмат Күрөңов жана Илгиз Шаменов менен бирге Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды коё берүү талабы менен жасаган видео кайрылуунун негизинде кылмыш иши козголгон.

«Эми издөө жарыялаганы жатышкандарын тергөөнүн жетекчиси Жапеков айтты, мен өзүм дагы тааныштым, иш токуп даярдап коюшуптур. Кыскасы, тергөөчүнүн ою боюнча, биз бешөөбүз Москвада жатып алып, бийликти басып алмак экенбиз», — деп жазды Шаменов.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Белгилей кетсек, активист Илгиз Шаменов менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова өткөн жылдын 28-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык» беренесинин негизинде кармалып, Москвадан алып келинген. Нарматова учурда үй камагында.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты