Айыл чарбасы үчүн жеңилдетилген насыя берүүгө 3,5 млрд сом бөлүндү

  • 2 года мурун

Айыл чарба министрлиги 2023-жылдын 16-январына карата “Агроөнөр жай комплексин каржылоо” долбооруна 3,5 млрд сом бөлүнгөнүн билдирди.

Аталган долбоордун алкагында «Айыл Банк» жана «РСК Банк» аркылуу 3-5 жылга чейин жарандарга 6 пайыз менен жеңилдетилген насыялар берилет.

Министрликтин маалыматына караганда, 2023-жылдын январына карата жалпы 2 млрд 718,9 млн сомго 2 миң 381 адамга насыя берилген.

Белгилей кетсек, буга чейин «ПолитКлиника» медиасы аталган долбоордун алкагында берилип жаткан жеңилдетилген насыяларды Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жакындары алганын иликтеп чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты