Инклюзивдүү билим берүү борборунда сабалган баланын иши боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Бишкектеги «Brain Up» нейрокоррекциялык бала бакчасында сабалган баланын иши боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу АКИpress агенттиги Октябрь райондук милициясына шилтеме кылып жазды.

Маалыматка ылайык, аталган иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголду. Ошондой эле тергөөнүн алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Белгилей кетсек, 3-январь күнү социалдык тармактарда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдүү билим берүү борборунда тартылган видео тараган. Видеодо тарбиячылар балага орой мамиле кылып жатканы көрсөтүлгөн. Кийинчерээк белгилүү болгондой, аталган окуя Бишкек шаарындагы 5-кичирайондо жайгашкан “Brain Up” нейрокоррекциялык бала бакчасында болгон. Бул борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген балдар реабилитациядан өтүшөт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу бала аталган борборго 2022-жылдын августунан бери барары белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты