Судья Асилова Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жерине кантип ээлик кылып калганы тууралуу түшүндүрмө берди

  • 2 года мурун

Кара-Буура райондук сотунун судьясы Индира Асилова Чолпон-Ата шаарындагы маданият үйүнүн жерине 2015-2016-жылдары кантип ээлик кылып калганы тууралуу «ПолитКлиника» медиасына түшүндүрмө берди.

Асилованын айтымында, ал сөз болуп жаткан жерди 2015-жылы аукциондо сатып алып, 2016-жылы кайра үчүнчү тарапка саткан.

«Бул сатып алууда жана сатууда эч кандай мыйзамсыз аракеттер жок. Бул кыймылсыз мүлктүн андан аркы тагдырына кызыккан эмесмин. Мени кримтөбөлдөр менен байланыштырууга моралдык укугуңар жок болчу. Кыргызстандын жараны кандайдыр бир кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып жатканда анын мүнөздөмөсү жана өтмүшүнө кызыкпайт. Мен дагы [кыймылсыз мүлктү] сатып жатканда кардардын ким экенине кызыккан эмесмин», — деди Асилова.

“Азаттык” медиасы 14-декабрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жайгашкан маданият үйү белгисиз жагдайлардан улам жеке тараптарга өтүп кеткени тууралуу материал жарыялаганАнда  маданият үйүнүн жери “Барашек” кафесине кошулуп, терраса болгону дагы айтылат.

«ПолитКлиника» медиасы кадастрдык документтердин негизинде аталган жер учурда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын наамында экенин аныктаган.

Ошондой эле иликтөөнүн жүрүшүндө сөз болуп жаткан жерге 2015-2016-жылдары Таластагы Кара-Буура райондук сотунун учурдагы судьясы Асилова Индира Ашимжановна ээлик кылып турганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты