Крим төбөл Чыңгыз Жумагуловдун иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү

  • 2 года мурун

«Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү крим төбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алган. Ага ылайык, Жаза аткаруу мекемеси тергөөдөгү кемчиликтерди толукташы керек.

Чыңгыз Жумагулов ушул жылдын 30-июлунда Бишкектеги ТИЗО-1де өлтүрүлгөн. Алдын ала маалыматка ылайык, аны камералашы бычактап салган.

Буга чейин Жумагуловдун өлүмү боюнча беш киши, дагы эки киши кылмышты жашырганы үчүн айыпталып жатканы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты