Кой-Таш окуясы: Судья прокурордун Алмазбек Атамбаевди сотко мажбурлап алып келүү өтүнүчүн канааттандырды

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү уланып жатат. Отурумдун жүрүшүндө прокурор айыпталуучу, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди сотко мажбурлап алып келүү өтүнүчүн келтирди.

Көзөмөл органынын өкүлү Атамбаев кечээ, 1-декабрда сот отурумуна башка иш боюнча алынып келингенин белгиледи.

Судья Азирет Медеров прокурордун бул өтүнүчүн канааттандырды.

Кечээ, 1-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, саясатчы Бектур Асанов, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин иши каралган.

Отурумга Алмазбек Атамбаев «Тез жардам» унаасы менен алып келинген. Бирок Атамбаев соттук отурумга катышпай турганын айтып, темир торду тепкилей баштаганда сот залынан чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты