«Супер ТВнын» журналистине кол салууга шектүү дагы бир адам кармалды

  • 2 года мурун

«Супер ТВнын» журналисти Бактурсун Жоробековго кол салууга шектелип дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү 22 жаштагы А.А. Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынды.

Буга чейин журналистке кол салган деген шек менен дагы бир адам кармалып, ал дагы ТИЗО-1ге камакка алынган.

Ушул жылдын октябрында «Супер ТВнын» журналисти Бактурсун Жоробековду белгисиз адамдар сабап кетишкени белгилүү болгон. Ал өзүнө болгон кол салууну кесиптик ишмердиги менен байланыштырып келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты