«Супер ТВнын» журналистине кол салганга шектелген жаран кармалды
- 1 год мурун
«Супер ТВнын» журналистине кол салганга шектелген жаран кармалды.
Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиргендей, 27-октябрда Ж.Б. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. «26-октябрда саат 23:00 чамасында борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен физикалык күч колдонуп, ачык түрдө 10 миң сомдук “Самсунг галакси J2” уюлдук телефонун жана 3 миң 500 сом өлчөмүндөгү накталай акчасы бар капчыгын тартып алышып, белгисиз тарапка качып кетишкен.
Аталган факт Ленин РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, Жазык кодексинин 206-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка катыштыгы бар шектүүлөрдүн бирин изи сууй электе 2000-жылы туулган А.К. кармалып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармаачу изоляторуна киргизилип, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандалган», — деп жазылат маалыматта.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан экинчи шектүүнүн дарегин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө жана издөө иш-чаралары улантылууда.