№7150 шайлоо участогунда бюллетендер урнага салынбай мыйзам бузулду (Фактчекинг) 

28-ноябрда Атай Бейшенбек аттуу Фейсбук колдонуучусу “Ысык-Ата районундагы  № 7150 шайлоо участогунда автоматтык эсептегич  урна иштебей калгандыктан бюллетендер урнага салынбай жатат” деген билдирүүнү бөлүшкөн. Бул, интернет тармагында бир топ талаш-тартыштарга жол ачкан.

№7150 шайлоо участогунда бюллетендер урнага салынбай мыйзам бузулду (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул кадамдын мыйзамдуулугун текшерип көрдү. 

Мыйзам жол бербейт

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү мыйзамга ылайык, добуш берүүнүн купуялуулугу сакталышы керек. 

№7150 шайлоо участогунда бюллетендер урнага салынбай мыйзам бузулду (Фактчекинг) 

Добуш берүүчүгө тоскоолдук кылууга, добуш берүүчүнүн бюллетенин кароого мыйзам жол бербейт. 

Ал эми, аталган мыйзамдын 31-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык, шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Ал эми, запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. 

№7150 шайлоо участогунда бюллетендер урнага салынбай мыйзам бузулду (Фактчекинг) 

Башкача айтканда, бюллетендерди урналарга салбай чогултуу менен шайлоо мыйзамы бузулду. Анткени, бул шайлоочулардын добушунун купуялуулугун бузуу менен бирге ар кандай манипуляцияга жол ачышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, бул шайлоо процесси учурунда автоматтык эсептөөчү урна менен байланышкан алгачкы көйгөй эмес. 28-ноябрда №1053 шайлоо участогунан добуш берген өлкө башчы Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова да бюллетендерди урнага салууда көйгөй жаралды. 

 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Жыйынтык: №7150 шайлоо участогунун шайлоо комиссиясы добуштарды урнага салбай коюу менен мыйзамды бузганы чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты