Алдамчылыкка шектелген «Азия MIX» КВН командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев бошотулду

  • 2 года мурун

Алдамчылыкка шектелип кармалган «Азия MIX» КВН командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев бошотулду. Бул тууралуу Жуманалиев өзү Инстаграмдагы баракчасында видеокайрылуу аркылуу билдирди.

Ал билдирүүлөрүнүн биринде ката кетиргенин жана мындан улам түшүнбөстүк жаралганын айтты. Бирок ким менен түшүнбөстүк болгонун тактаган жок.

«Маселени чечишип алдык, бири-бирибизден кечирим сурадык», — деди Жуманалиев.

Кечээ, 9-сентбярда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкетеги «Спекулянт» ишканасынын жетекчисинин арызынын негизинде алдамчылыкка шектелип Марат Жуманалиев жана дагы бир адам кармалганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты