Бишкекте Азия Mix КВН командасынын мурдагы оюнчусу кармалды

  • 2 года мурун

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын жарандары Д.М. жана С.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, жеке баюу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору, Орусиянын жараны Ш.В. ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алып алышкан.

Белгилей кетсек, Д.М. жана С.А. убадаларын аткарбай, алынган акча каражатын өзүлөрүнө ыйгарып алуу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору Ш.В. жакындарына кысым көрсөтүшкөн. Ошондой эле, коркутуу менен, республиканын жогорку жетекчилиги менен жеке байланышта экендигин, ошондой эле УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгы бар экендигин айтышкан.

Сотко чейинки текшерүү иштин жүрүшүндө «Д.М.С.» жана «С.А.К.» кылган ишин мойнуна алды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты