Алымкадыр Бейшеналиев «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чолпон-Атадагы «Алтын балалык» ден-соолукту чыңдоочу реабилитациялык борбордун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Kaktus.media Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков кол койгон.

Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду.

Башкы прокуратура Бейшеналиевди 2-июнда коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга байланыштуу кармап, ага карата 7 кылмыш ишин козгогон. Андан соң министр ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген.

16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарып, ага карата козголгон иш ИИМге өткөрүлгөн.

16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирген. Ал Ички иштер министрлиги кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганын белгилеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты