Милиция “Азия Моллдон” жардыруучу зат тууралуу кабар түшкөнүн билдирди

  • 2 года мурун

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу анонимдүү маалымат түшкөнүн билдирди.

«Бүгүн 13:56да «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу анонимдүү билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жана Ленин РИИБинин жана Бишкек ШИИБинин жетекчилиги жөнөп кетти», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери да келишкен. Учурда жарандар сыртка чыгарылып, тиешелүү аракеттер көрүлүп жатат. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Социалдык тармактын колдонуучулары ишкер Илгиз Шаменовдун унаасынан жардыруучу зат табылып, «Азия Молл» соода борбору эвакуацияга алынганын жазып чыгышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты