Активисттер имам Садыбакас Дооловдун үстүнөн УКМКга жана Башкы прокуратурага арызданышты

  • 2 года мурун

Жарандык активист Умай Арыкова Бишкектин Свердлов районунун баш имам хатиби Садыбакас Дооловдун үстүнөн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) жана Башкы прокуратурага арыз жазышканын кабарлады.

Анын айтымында, активисттердин арыз жазуусуна имамдын кыз-келиндердин кийими тууралуу айткандары себеп болгон.

«Ал аялдарды мал менен салыштырып, алардын кийимдерин текскөөгө алууга чакырып, укуктарын бузуп жатат. Конституцияны айтпаганда деле анын бул аракети Кылмыш-жаза кодексинин 189-беренесине ( «Адамдын тең укуктуулугун бузуу» — ред.) туура келет», — деп жазган Арыкова Твиттердеги баракчасында.

Кечээ, 6-июлда соцтармактарда имам Садыбакас Дооловдун ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу айткан видеосу тараган. Анда диний ишмердин «аялдын эти арзандаганы үчүн койдун эти кымбаттады» деп айтканын көрүүгө болот.

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы имамдын бул айткандарын териштирерин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты