Муфтият Садыбакас Дооловдун аялдар тууралуу айткандарын териштирет

  • 2 года мурун

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Бишкек шаарынын Свердлов районунун баш имам хатиби Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда тарап жаткан видеосу боюнча териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

“Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт жана видеодогу сөздөр кандай максатта айтылгандыгын териштирет”, — деп белгиленген билдирүүдө.

Соцтармактарда имам Садыбакас Дооловдун ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу айткан видеосу тарады. Анда диний ишмердин «аялдын эти арзандаганы үчүн койдун эти кымбаттады» деп айтканын көрүүгө болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты