Блогер Батмакан Жолболдуевага козголгон кылмыш иши Баткен райондук сотунда каралат

  • 2 года мурун

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу блогер Батмакан Жолболдуевага козголгон кылмыш иши Баткен райондук сотунда каралат. Бул тууралуу 24.kg басылмасы айыпталуучунун адвокаты Назгүл Сүйүнбаеванын мааалыматына таянып жазды.

Анын айтымында, биринчи соттук процесс 15-июлда өтөт.

Ушул жылдын 25-мартында AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган. Анын өлүмүнө шектелип Батмакан Жолболдуева кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190 (“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379 (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-беренелери (“Бейбаштык”) менен төрт кылмыш иши козголгон.

Айыпталуучу тарап ага коюлган айыптарга макул эмес экенин айтып келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты