Мектепке электрондук каттоонун экинчи айлампасы башталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-июнда мектепке электрондук каттоонун экинчи айлампасы башталды. Каттоо 10-сентябрга чейин уланат.

Мында биринчи класска бара тургандар жашаган жериндеги каалаган мектебине бош орундун болушуна карап каттала алат.

Мындан тышкары мурда электрондук каттоо системасына катталгандар жеке кабинети аркылуу башка бош орун бар мектепке которула алышат.

Каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында жүргүзүлөт.

Өлкө боюнча мектептерге кабыл алуу үчүн дагы 86 миңдей орун бош турат.

Бишкек шаарында электрондук кезекке каттоонун биринчи айлампасында 5 миң бала катталып, дагы 12 мин орун бош турат.

Билим берүү жана илим министрлиги электрондук каттоонун биринчи айлампасында 73 миңден ашык бала каттоодон өткөнүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты