73 миңден ашык бала мектепке баруу үчүн электрондук каттоодон өттү

  • 2 года мурун

Кыргызстанда биринчи класска бара турган 73 миңден ашык бала электрондук каттоонун биринчи айлампасынан өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгачкы айлампанын тартиби боюнча балдар катталган жериндеги мектептерге гана жазылышы керек. Кабыл алуунун экинчи айлампасы болсо 27-июндан 10-сентябрга чейин уланат. Мында биринчи класска бара тургандар жашаган жериндеги каалаган мектебине бош орундун болушуна карап каттала алат.

Өлкө боюнча мектептерге кабыл алуу үчүн дагы 86 миңдей орун бош турат.

Бишкек шаарында электрондук кезекке каттоонун биринчи айлампасында 5 миң бала катталып, дагы 12 мин орун бош турат.

mektep.edu.gov.kg сайты балдарды мектеп жана бала бакчага кабыл алуу үчүн быйыл биринчи жолу ачылды.

Аталган сайт быйыл 11-апрелде ишке киргенде катталуу үзгүлтүккө учурап, ата-энелерден даттануулар болгон.

Быйылкы окуу жылында 150 миңден ашык бала биринчи класска барышы күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты