ТИМ Түркияда каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине алып келүү маселесин карап жатат

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Гиресун провинциясында жарандык никедеги күйөөсүнүн колунан каза тапкан кыргызстандык келиндин сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлик окуяны тыкыр көзөмөлгө алганын билдирди.

20-июлдан 21-июлга караган түнү Гиресун шаарынын Гөреле районунда жол боюнан башына жана далысына ок жеп, каза тапкан аялдын сөөгү табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө маркум кыргызстандык Керемет Нишанова экени аныкталган. Аны өлтүрүүгө шектүү катары жарандык никедеги жолдошу М.А. жана ага жардам берген деген шек менен Х.Ч. кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты