Түркияда кыргызстандык келин жарандык никедеги жолдошунун колунан каза тапты

  • 2 года мурун

Түркиянын Гиресун шаарында кыргызстандык келин жарандык никедеги жолдошунун колунан каза тапты. Бул тууралуу Sabah басылмасы жазды.

Басылма билдиргендей, 20-июндун кечинде Гиресун шаарынын Гөреле районунда жол боюнан башына жана далысына ок жеп, каза тапкан аялдын сөөгү табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө маркум кыргызстандык Керемет Нишанова экени аныкталган. Аны өлтүрүүгө шектүү катары жарандык никедеги жолдошу М.А. жана ага жардам берген деген шек менен Х.Ч. кармалган.

Тергөөдө шектүү жарандык никедеги аялын кызганычтан улам өлтүрүп, жол боюна таштап кеткенин айткан.

Маркумдун сөөгү тиешелүү экспертизалардан өткөн соң Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Шектүүгө көмөктөшүүгө айыпталган Х.Ч. териштирүү иштеринен кийин бошотулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты