Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов сотто толук акталды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык соту «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» шектелген Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду толук актады. Бул тууралуу 24.kg басылмасы адвокат Майрамбек Жумабековго шилтеме берип жазды.

«Калган айыпталуучуларга 2 миллион сомдон айыппул салынды. Тергөөнүн версиясына ылайык, коррупциялык схеманын уюштуруучусу дал ушул Нурбек Айбашев (ред. — Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси) болгон. Биз соттун өкүмү менен макул эмеспиз, жогорку инстанцияга даттанабыз», — деп билдирген жактоочу.

Шаардык соттун басма сөз кызматы мындай чечим шектүүнүн ишинде кылмыштын курамы жок деген жүйө менен кабыл алынганын билдирди.

Адамкул Жунусов 2018-жылдын 28-декабрында Азербайжандан кармалып Кыргызстанга жеткирилип, камакка алынган. Ал 2020-жылы үй камагына чыкканы белгилүү болгон.

Башкы прокуратура 2018-жылы июль айында Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган.

Финансы полициясы Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдары Бажы кызматын жетектеп турганда туруктуу коррупциялык байланышты уюштуруп, бюджетке 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргенин жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты