Бажы кызматынын экс төрагасы Адамкул Жунусов Кыргызстанга алынып келди

Бажы кызматынын экс төрагасы Адамкул Жунусов Кыргызстанга алынып келдиКР Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Кыргызстанга алынып келингендигин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.    

Адамкул Жунусовду Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматы, Баш прокуратура жана Интерпол менен биргеликте издеп жаткан.

Жунусов 20013-2016-жылдары Бажы кызматында төрага болуп турган. Ага кызмат абалынан кыянат пайдалануу (304-берене) боюнча кылмыш иши козголгон. Экс-төраганын коррупциялык иштери мамлекетке 167 млн сомдон ашык чыгым алып келгени айтылган.

Ал Баку шаарынан алынып келинди. Бакуга ал 5-декабрда келген. Ага чейин анын Америка Кошмо Штаттарында жүргөнү белгилүү болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты