6-7-8-январда Төө-Ашууда жана Суусамырда тик учактар уча албайт

  • 2 года мурун

Аба ырайынын начарлашына байланыштуу 6-7-8-январь күндөрү Төө-Ашуу жана Суусамыр ашуусу тик учактардын учуусуна жабык болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Министр Ажикеев бул чечим аталган ашуулардагы карга жана туманга байланыштуу экендигин билдирди.

«Жалал-Абад жана Ош облустарында туман жана төмөн булуттардан улам тик учактардын учуусу убактылуу токтотулат. 9-10-январь күндөрү аба ырайы ачык болуп, учуулар кайра жандана баштайт»,- деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 6-январда таңкы саат 07:50дө «Ош» эл аралык аэропортунда учактардын учушуна чектөө салынып, ал саат 13:45те кайрадан алынды. Чектөө тумандын түшкөнүнө байланыштуу киргизилген.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты