Салык кызматы: ККМ жана ЭЭФ колдонуу боюнча талаптар мыйзамдуу

  • 2 года мурун

Көзөмөл-кассалык аппаратты (ККМ) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуу боюнча талаптар мыйзамдуу. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов бүгүн, 30-майда Өкмөт үйүнүн алдына ККМ жана ЭЭФ колдонууга каршы акцияга чыккандар менен жолуккан учурда билдирди.

Авдувапов ККМ жана ЭЭФ киргизүүнүн бизнес жана жалпы эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн оң жактары бар экенин айтып, митингдин катышуучуларын Салык кызматынын мыйзамдуу талаптарын бизнеске кысым катары көрсөтпөй, мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды.

Мындан тышкары ал ишкерлердин салык кызматкерлеринин ишине тиешелүү бардык маселелерин жана дооматтарын иликтөөгө даяр экенин билдирди.

Бүгүн, 30-майда Өкмөт үйүнүн алдында ККМ колдонууга каршы ишкерлердин акциясы өттү.

Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикеттерди өткөрүшкөн. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош» базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты