Өкмөт үйүнүн алдында ККМге каршы акция өтүп жатат
- 2 года мурун
Бүгүн, 30-майда Өкмөт үйүнүн алдында жүзгө жакын ишкер көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонууга каршы акцияга чыкты.
Митингге чыккандар колуна “ККМге каршыбыз”, “Счет-фактурага каршыбыз”, “Патент калсын” деген жазууларды кармап турушат.
Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.
Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикеттерди өткөрүшкөн. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан.
Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош» базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан.
Сүрөт: «Азаттык» үналгысы