Автоунаанын терезесин мыйзамсыз караңгылаткандар үчүн айыппулдун көлөмү жогорулатылды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда автоунаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алгандар үчүн айыппулдун көлөмү жогорулатылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБинин Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Милициядан маалымдашкандай, Жазык-процессуалдык кодексинин 194-беренесинин 3-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алган физикалык жактарга 22 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айыппул салынат.

Патрулдук милиция бардык айдоочуларды жол эрежесин сактоого жана мыйзамды бузбоого чакырат.

Перзидент Садыр Жапаров 15-апрелде автоунаанын терезесин акы төлөп караңгылатууга уруксат берген мыйзамга кол койгон.

Ага ылайык, автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат берилет. Ал үчүн канча акы төлөнөрү жана төлөм тартиби Министрлер кабинетинин чечими менен аныкталат.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан сунушталып, кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал деп айтылган. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат деген божомолун билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты