Президент автоунаанын терезесин акы төлөп караңгылатууга уруксат берген мыйзамга кол койду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жол кыймылы жөнүндө”, “Укук бузуулар жөнүндө кодексине”, “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине”) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат берилет. Ал үчүн канча акы төлөнөрү жана төлөм тартиби Министрлер кабинетинин чечими менен аныкталат.

“Мыйзамды кабыл алуу максаты — тартип бузуу, кылмыштуулуктун санын азайтуу менен бирге бюджетке түшчү акча каражатынын көлөмүн көбөйтүү”, — деп айтылат билдирүүдө.

Февралда автоунаалардын айнегин караңгылатууга уруксат берүүнүн шарттарын иштеп чыгуу жана анын баасын аныктоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Жогорку Кеңеш Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырган.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан сунушталып, кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал деп айтылган. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат деген божомолун билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты