Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында алтын үчүн күрөшөт

  • 2 года мурун

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Монголияда өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Тыныбекова мелдештин чейрек финалында 62 кг салмакта монголиялык Болдсайханы Хонгорзул менен күрөшүп, атаандашын 7:3 эсебинде жеңген. Жарым финалда өзбекстандык балбан Набира Есенбаеванын далысын жерге басып, финалга чыкты. Финалдык бөлүктө япониялык Нонока Одзаки менен күч сынашат.

Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш медаль тагынды.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Тынар Шаршенбеков (63 кг) жана Акжол Махмудов (77 кг) алтын алса, Адилхан Нурланбеков (72 кг), Үзүр Жузупбеков (97 кг), Роман Ким (130 кг) коло байгеге ээ болду.

Азия биринчилиги эртең, 24-апрелде аяктайт. Мелдешке Кыргызтсандан жалпы 21 балбан катышууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты