Тынар Шаршенбеков Азия чемпионатында алтын үчүн күрөшөт

  • 2 года мурун

Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Монголияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Тынар Шаршенбеков 63 кг салмакта мелдештин чейрек финалында индиялык балбан Ниражды 10:4 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн. Жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахрамовду 13:7 эсебинде жеңип алды. Эми финалда казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен күч сынашат.

19-апрелден 24-апрелге чейин Улан-Батордо өтчү Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан 21 балбан катышууда.

Токио Олимпиадасынын күмүш медаль ээси Акжол Махмудов чемпионаттун финалына чыкты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты